ЖЧК уюштуруучуларынын субсидиардык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзам долбоору чакыртылып алынды
Мамлекеттик салык кызматы жоопкерчилиги чектелген коомдордун негиздөөчүлөрүнө субсидиардык жоопкерчиликти киргизүүнү караган мыйзам долбоорун кайра чакыртып алганын маалымдады. Билдирүүгө караганда, бул чечим мыйзам долбоорунун жоболорун кошумча талдоо, эл аралык тажрыйбаны изилдөө, мүмкүн болгон экономикалык жана укуктук кесепеттерди баалоо, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун жана жарандардын пикирлерин эске алуу максатында кабыл