Коом
Эмгек министрлиги ЭМУ менен миграцияны жакшыртуу чараларын талкуулады
Бүгүн, 29-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Бермет Молдобаева менен жолугушту. Жолугушууда ички жана тышкы миграция маселелери, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жолдору талкууланды. Министр Сагынбаев ЭМУнун миграциялык саясатты колдоодогу