Коом
Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19-февралда Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМдун жетекчилигине кайрылып, курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи. Айбек Джунушалиев: "Шаар куруу нормалары сакталбагандыгына байланыштуу,