Кыргызстанда катализаторлорду өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда катализаторлорду өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын өлкөдөн чыгарып кетүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечимдин максаты – атмосферанын булганышын азайтуу, адамдын өмүрүн жана ден-соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо.

Катализатор унаанын газ чыгаруу системасындагы эң кымбат элементтердин бири болуп эсептелет жана анын баасы унаанын наркынын 13%ына чейин жетет. Ушундан улам, рынокто катализаторлорду алып сатуу максатында ыктыярдуу же мыйзамсыз алып салуу учурлары көбөйгөн.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тоң районунда туризмден түшкөн салык 18,1 млн сомду түздү

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү