Коом
Таласта Жаратылыш министрлигине караштуу 80 млн сомго жаңы имарат курулат
Бүгүн 18-декабрда Талас шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын жаратылышты коргоочулары үчүн жаңы административдик имараттын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Б. Джусупбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары