Саясат
Садыр Жапаров менен Владимир Путин бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында билим берүү, саламаттык сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык багыттарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Россиянын Президенти Владимир Путин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин тереңдетүү тууралуу Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.