Долпран алтын кенинин башкы директору кармалды
Кемин районундагы Долпран алтын кенинин башкы директору, кытай жараны Т.Д. кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта белгиленгендей, Т.Д. жетектеген “Кемин Ресурс Групп” ЖЧКсынын ишинде көптөгөн мыйзам бузуу фактылары катталган. Ведомствонун маалыматы боюнча, Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин токой кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия Долпран алтын кенинде төмөндөгүлөрдү