акыркы жаңылыктар

Нарынга жыл башынан бери дем берүүчү гранттын эсебинен 13.6 млн сом жумшалды

Экономика

Нарынга жыл башынан бери дем берүүчү гранттын эсебинен 13.6 млн сом жумшалды

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 13.6 млн сом суммасында 18 долбоор каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Такталгандай, каражаттардын ичинен: ·         6 мектепке – 4.6 млн сом; ·         3 спорттук курулуштарга – 2 млн сом; ·         7 маданий маанидеги объектиге – 4.1 млн сом; ·         2 бала

Депутаттар Тогуз-Торонун мектептериндеги ысык тамактын уюштурулушу менен таанышты

Коом

Депутаттар Тогуз-Торонун мектептериндеги ысык тамактын уюштурулушу менен таанышты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы менен Эрулан Кокулов Тогуз-Торо районуна болгон иш сапарынын алкагында райондогу Ы.Кадыркулов атындагы жана Дөдөмөл айылындагы №10 мектептерде ысык тамактын уюштурулушу менен таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди. Депутаттар Дөдөмөл айылындагы бала бакчанын имаратынын абалы менен таанышты. Белгилей кетсек,

Кыргызстан менен Өзбекстан соода мамилелерин бекемдейт – Экономика министрлиги

Экономика

Кыргызстан менен Өзбекстан соода мамилелерин бекемдейт – Экономика министрлиги

2023-жылдын 11-октябрында, Ташкентте КРнын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү жана Өзбекстандын Соода – өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Бул жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды талкуулоого жана бекемдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк болду. Жолугушуунун башкы максаты КР менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү жана

Судьялар кеңеши 13 судьяны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди

Саясат

Судьялар кеңеши 13 судьяны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди

12-октябрда Судьялар кеңеши 13 судьяны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча президентке сунуш киргизди. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди. Такталгандай, Судьялар кеңешинин чечими менен төмөнкү судьяларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө президентке сунуштар киргизилди: Байзаков Н.М., Жамангулов Ж.Ж., Алгожоев З.Б., Алыбаев З.Э., Токтомаматов К.Ж., Сарыбаев Б.А. жана

Ысык-Көлгө сазандын 90 миңден ашык чабагы кое берилди

Коом

Ысык-Көлгө сазандын 90 миңден ашык чабагы кое берилди

Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, чабактар Балык чарба департаменти тарабынан Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте кое берилди. Чабактардын орточо салмагы 7-8 граммга жеткен чабактар Тоң балык заводунун, «Караколбалыгы» ЖЧКсынын жана «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү кооперативинин көлмөлөрүндө

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга камакка алынды

Коом

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга камакка алынды

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту билдирди. Такталгандай, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен УКМКнын тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, И.А.Х.ны ушул жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Саясат

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле алар регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана КМШ

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Саясат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу минкаб билдирди. «Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

«Эмарк Строй» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды

Бизнес

«Эмарк Строй» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды

Бишкекте «Эмарк Строй» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматов кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media билдирди. Бишкек шаардык соту бул маалыматты тастыктаган. Такталгандай, Октябрь райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен кечээ, 12-октябрында УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү боюнча арыз түшкөн. «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» беренеси боюнча айыпталган Акматовго карата 2023-жылдын 4-ноябрына чейин

Мадина базарынын ээси тууралуу эмнелер белгилүү?

Кызыктуу

Мадина базарынын ээси тууралуу эмнелер белгилүү?

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов ушул жылдын 8-октябрында УКМК тарабынан кармалган. УКМК аны кармоо учурунда атылып өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен туугандык байланышы бар деп белгиледи. Салимовго уюшкан топ түзгөн же ага катышкан деген айып тагылган. Буга байланыштуу анын кайсы компаниялар менен байланышы бар

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Саясат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Бишкекке келди. Бул тууралуу минкаб билдирди. Мирзиеевти Акылбек Жапаров тосуп алды. Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Бишкекте 4 700 сомдон көмүр  сатыла баштады – дареги, баасы

Коом

Бишкекте 4 700 сомдон көмүр сатыла баштады – дареги, баасы

«Кыргызкөмүр» МИ тарабынан 4 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Такталгандай көмүр Бишкекте Ден-Сяопин, 306 б көч., дареги боюнча сатылат. Бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар. Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын