Бизнес
«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды - ММБФ
Бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров “Эйр Кыргызстан” компаниясы банкрот болгонун маалымдады. Бакиров жыйында аталган компанияга карата Жогорку соттун чечими чыгып калганын айтты. “Эйр Кыргызстан” банкроттук деп табылды, андыктан мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан алынып салынды”, – деди