2023-жылы алтын куймаларын Улуттук банктан канчадан сатып алса болот?

2023-жылы алтын куймаларын Улуттук банктан канчадан сатып алса болот?

Улуттук банк аффинаждалган алтындын трой унциясын (31.1034768 граммга барабар) 169.4 миң сомдон сатууда. Бир жылдын ичинде куйманын наркы 6.9 миң сомго кымбаттады.

Үстүбүздөгү жылдын 13-январына карата көзөмөл органы 100 граммдык алтын куймаларын 523.7 миң сомдон сатууда. Белгилей кетсек, бир жыл мурун Улуттук банк бул куймаларды 542.3 миң сомдон сатып алган болчу.

Салмагы азыраак өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы өтө деле кымбаттаган жок.

  • 10 граммдык куймалар азыр 54.7 миң сомдон сатылууда. Былтыры алар 53 миң сомдон болчу.
  • 5 граммдык куймалары 27 миң 838 сомдон бааланууда.
  • 2 граммдык куймалар 11.9 миң сомдон сатылууда.
  • 1 грамм салмактагы куймалар 6 миң 615 сомдон сатылууда. Өткөн жылдын ушул мезгилинде алар 6478 сомдон сатылган.

Ал эми 10 кг алтын куймалары кыргызстандыктарды кызыктырбаганы байкалат, анткени Улуттук банк 2022-жылы мындай салмактагы бир дагы куйма саткан эмес.

Азыр дагы регулятор алтын куймаларын сатууну улантууда. Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу боюнча актуалдуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган.


Кошумча окуңуз:

Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди

Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышты

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын