акыркы жаңылыктар

"АМАН-ГРИНФУД", "АКВА ПРОМ", "ТОРО" – Кыргызстан Кытайга бал, эт жана балык экспорттоо боюнча  макулдашты

Бизнес

"АМАН-ГРИНФУД", "АКВА ПРОМ", "ТОРО" – Кыргызстан Кытайга бал, эт жана балык экспорттоо боюнча макулдашты

Кыргызстан Кытайга табигый бал, балык жана эт экпорттойт. Бул тууралуу Үрүмчү шаарында өткөн "ЭКСПО Кытай – Евразия азыктары жана соода-2023" көргөзмөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрлик бул көргөзмөнүн алкагында эт жана эт азыктарын, балык ошондой эле табигый балды экспорттоо боюнча келишимдер жана макулдашуулар ийгиликтүү

Соцтармактарда төмөн пайызда насыя убада кылгандар, жеке маалыматтарды түрдүү максатта пайдаланышат — фактчек

Соцтармактарда төмөн пайызда насыя убада кылгандар, жеке маалыматтарды түрдүү максатта пайдаланышат — фактчек

"Политклиника" медиасынын журналисттери социалдык тармактарда белгисиз ысым менен катталып, түрдүү постторго комментарий жазып, төмөн пайызда насыя убада кылгандар тууралуу изилдеп көрүшкөн. Натыйжада, алар жеке маалыматтарды ар түрдүү максатта пайдаланууга алышат деген жыйынтыкка келишкен. Акыркы убактарда Фейсбуктагы посттордун комментарийлеринде  2% менен, же такыр эле пайызсыз насыя берилери тууралуу билдирүүлөр

Казакстандагы бензиндин тартыштыгы Кыргызстандагы баага таасирин тийгизиши мүмкүн — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Казакстандагы бензиндин тартыштыгы Кыргызстандагы баага таасирин тийгизиши мүмкүн — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Казакстандагы бензин тартыштыгы Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Июль айынын ортолорунда Казакстандын Энергетика министрлиги жергиликтүү унаа ээлери АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгына дуушар болуп жатканын билдирген. Буга байланыштуу өлкө ай аягынан тарта Россиядан бензин импорттой турган

Казакстандын Финансы министрлиги унаалардын чек арадан өткөрүлбөй жатканын атайын операция менен байланыштырып койду

Казакстандын Финансы министрлиги унаалардын чек арадан өткөрүлбөй жатканын атайын операция менен байланыштырып койду

Казакстандын Финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак чек арасында бир нече жүз жүк ташуучу унаанын кармалышынын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, өткөрүү бекетиндеги тоскоолдуктар Казакстандын атайын кызматтарынын иштешине байланыштуу болгон. Казак ЖМКларынын жазганына караганда, Казакстандын Финансы министри өкмөттүн жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, казак кызматы Кыргызстан менен чек арада баңги

Nike эмнеге Кыргызстанда эмес Өзбекстанда өндүрүшүн ачууга уруксат берди?

Кызыктуу

Nike эмнеге Кыргызстанда эмес Өзбекстанда өндүрүшүн ачууга уруксат берди?

Nike компаниясы 2019-жылы Өзбекстанда өзүнүн бренди менен спорттук бут кийимдерди чыгарууга расмий уруксат берген. Америкалык брендди Өзбекстанга тартуу боюнча "Узчармсаноат" ассоциациясы атайын иштеп чыккан стратегиянын натыйжасында ӨР Nike үй-бүлөсүнүн өндүрүүчүлөрүнүн катарына кирген. Өндүрүш линиясын ишке киргизүү үчүн, Sino International (өзбек-кытай компаниясы) 5 жылдын ичинде Nike

Өзбекстандык Silk Avia  Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамын сезон бүткүчө улантат

Өзбекстандык Silk Avia Ташкенттен Ысык-Көлгө аба каттамын сезон бүткүчө улантат

Uzbekistan Airports компаниясынын регионалдык туунду компаниясы 26-августка Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жүргүнчү каттамын пландаганын өзбек басылмасы билдирди. Берилген маалыматка таянсак, Кыргызстанга үзгүлтүксүз чартердик каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана ишемби күндөрү эс алуу сезону аяктаганга чейин аткарылат. Ошентип, авиакомпания бул багытта беш эл аралык каттамды – 26 жана

Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси жарым жылда 1.8 млрд сомго жетти — 1.5 эсеге өстү

Бизнес

Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси жарым жылда 1.8 млрд сомго жетти — 1.5 эсеге өстү

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүп, алардын кирешелери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге өсүп, 1.8 млрд сомго жеткен. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 82%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды. Улутстаткомдун берген маалыматына таянсак, үстүбүздөгү

Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып пул салынат

Сентябрдан тарта унаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, МСК жакын арада салык төлөбөндөрдү табуу жана айып салуу боюнча иш-чараларды жүргүзө баштайт. "Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана

Казакстанга сууну графикке жана протоколго жараша бердик — КР Айыл чарба министрлиги

Казакстанга сууну графикке жана протоколго жараша бердик — КР Айыл чарба министрлиги

КР Айыл чарба министрлиги бүгүнкү күндө Кыргызстан Казакстандын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарганын билдирди.   Министрлик  суу бөлүштүрүү графикке жана протоколго ылайык берилгенин белгиледи. "Киров суу сактагычынын долбоордук көлөмү 550.0 млн м3. Киров суу сактагычынан 2023-жылдын 21-апрелинде суу бериле баштаган. Суу сактагычтын көлөмү 445,6 млн. м3, суу

Россияда бензин дагы, дизель да кымбаттады, бул Кыргызстандагы бааларга таасир этет —  Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Россияда бензин дагы, дизель да кымбаттады, бул Кыргызстандагы бааларга таасир этет — Нефтетрейдерлер ассоциациясы

Дүйнөлүк экономика кыш мезгилинин алдында дизелдик отундун рекорддук тартыштыгын баштан өткөрүп жатат. Талдоочулар азыркы запастардын көлөмү дүйнөлүк экономиканын муктаждыктарына жетпей калышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Кыргызстан үчүн бул тобокелдиктер күйүүчү майдын бардык түрлөрүнүн бааларынын кымбатташына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди.

Чек арадагы тыгын: кечээ казак тарап үч эле унааны өткөрдү

Чек арадагы тыгын: кечээ казак тарап үч эле унааны өткөрдү

Кечээ, 21-августта жарым күн бою Казакстан "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунан Кыргызстандан үч гана жүк ташуучу унааны өткөрүүгө уруксат берген. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. 21-августта "Ак-Тилек" постунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны катталган. КРдан чыгуу үчүн мамлекеттик чек араны кесип өтүү

Микрокредиттерди алгандардын саны өстү — 46% керектөө муктаждыктарга алышты

Гранттар жана кредиттер

Микрокредиттерди алгандардын саны өстү — 46% керектөө муктаждыктарга алышты

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мындай маалыматты Улутстатком берди. Маалыматка таянсак, алуучуларга 24 млрд сомго жакын суммада же 35.5%га көп микрокредиттер берилген. I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши Микрокредиттерди алуучулардын