8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт - ӨКМ
8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ эскертти. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле 8-ноябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.