«Кумтөр» Кыргызстанга өткөндөн кийинки алтындын кайда кеткенин иликтей турган комиссиянын курамы такталды
Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңеште «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгү менен алтын казып алуу жана сатуу маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жетекчилиги шайланды. Белгилей кетсек, жыйында “Кумтөр Голд Компани” ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, КРнын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарын