Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат
Аба ырайынын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, авариялык кырдаалдардан сактануу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. “Республика боюнча энергетиктер ГЭСтерде, көмөк чордондордо жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарды болтурбоо үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат. Өлкөнүн бардык аймактарында