Кыргызстанда унаалар он күндүн ичинде 500-3000 долларга чейин кескин кымбаттады
“Марал” радиосунун журналисттери унаалардын баасы тууралуу Бишкектеги авто базарга барып, атайын репортаж жасашкан. Алар жүргүзгөн сурамжылоодо базардагы унаа алып саткан жарандар акыркы 10 күндүн ичинде автоунаалардын баасы кескин көтөрүлүп кеткенин айтышкан. Унаалардын кымбатташына пандемиянын таасири жана оң рулдуу унааларды алып келүүгө чек коюлганы себеп болгон. Ал эми статистикалык маалыматтарда унаа