акыркы жаңылыктар

Бизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам берет

Бизнес

Бизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдарга кантип жардам берет

ЕРӨБдүн "Бизнестеги айымдар" кредиттик линиясы боюнча каржылык эмес кызматтар Кыргызстандагы ишкер айымдарды өнүктүрүүгө кандайча колдоо көрсөтөт. Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн насаатчылык программанын бешинчи сезону старт алды. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Бизнестеги айымдар» программасынын каржылык эмес кызматтарынын (NFS) алкагында FINCA Банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Жаңы

Кытай компаниясы күн, шамал электр станцияларына 1 млрд доллар салууга кызыкдар

Энергетика

Кытай компаниясы күн, шамал электр станцияларына 1 млрд доллар салууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China Energy Engineering Investment компаниясынын делегациясы менен жолукту. Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы кызматташтык жана Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климаты жана мамлекеттик колдоонун учурдагы чаралары тууралуу маалыматтар берилди. "Кыргызстан кайра жаралуучу

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылат

Транспорт

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу убактылуу жабылат

29-апрелден 5-майга чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек- Нарын -Торугарт унаа жолу маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин билдиришинче, 54-чакырымда жайгашкан жөө өтмөктү бузуу иштери жүргүзүлөт. Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат. Министрлик айдоочуларга алдын

БАЭ 1-майдан тарта ОПЭКтен жана ОПЕК+ форматынан чыгат

Энергетика

БАЭ 1-майдан тарта ОПЭКтен жана ОПЕК+ форматынан чыгат

Бириккен Араб Эмирликтери 1-майдан тарта мунай экспортточу өлкөлөрдүн ОПЕК картелинен жана ОПЕК+ форматынан чыгарын билдирди. Мындай чечим өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегиясына төп келет жана энергетикалык тармакты, анын ичинде кара майды казууга инвестиция салуу иштерин өнүктүрүүгө багытталган. Уюмдан чыгууну мунай өндүрүү саясатын улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен кайра карап чыгуу

Ош шаарында 401 млн сомдук долбоор жактырылды

Экономика

Ош шаарында 401 млн сомдук долбоор жактырылды

Кечээ Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашырылып жаткан "Аймактык экономикалык өнүгүү" долбоорунун алкагында жыйын өткөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө мурда түзүлгөн өндүрүмдүү өнөктөштүктөрдүн 8 катышуучусунун кошумча инвестициялык колдоо алуу үчүн сунушталган долбоорлору каралды. Ошондой эле жалпы

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө бир нече күн газ болбойт

Экономика

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө бир нече күн газ болбойт

Орточо басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 30-апрелге чейин газ берүү убактылуу токтотуларын "Бишкекгаз" билдирди. Өчүрүлө турган аймактар: ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Фучик, Дорожная, Юбилейная, Пригородная, Жаш Гвардия, Саадаев, Школьная, Коллекторная, Новая, Киргизская көчөлөрү, ошондой эле Садовый жана Совет көчө кесилиштери. "Бишкекгаз&

Президентинин Иш башкармалыгына "Кыргызтелекомдун" мамлекеттик акциялар пакети өттү

Экономика

Президентинин Иш башкармалыгына "Кыргызтелекомдун" мамлекеттик акциялар пакети өттү

Министрлер Кабинети "Кыргызтелеком" телеком-операторунун мамлекеттик акциялар пакетин башкарган органды өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды. Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги №280 токтомуна ылайык, акционердин функциялары Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлөт. Мындай өзгөртүү мамлекеттик акциялар пакетин борборлоштуруп башкаруу зарылдыгы, жөнгө салуу функцияларын жана

Brent маркасындагы мунайдын баррели 111 долларга жетти

Экономика

Brent маркасындагы мунайдын баррели 111 долларга жетти

Brent маркасындагы мунайдын баасы европалык рынокто 3% өсүп, бир баррели 111 долларга жетти. Кара май 7 күн катары менен кымбаттап келатат, ошол эле кезде Азиянын финансы рынокторунда 28-апрелде акциялар арзандады. Бул Америка менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, Ормуз кысыгынын жабылышынын экономикалык кесепеттерине байланышкан тынчсыздануу өлкөлөрдүн борбордук банктары саясатын өзгөртүшү

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Экономика

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында укук коргоо бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын 1-чейреги боюнча жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, отчеттук мезгилде контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 4 861 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталды. 4 718 укук бузуу иши козголуп,

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Коом

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты. Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты: "Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Экономика

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Жыл башынан бери валюталык интервенциялардын көлөмү 893,45 млн долларды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. "Абсолюттук көрсөткүчтө бул сумма мурунку жылдарга караганда жогору. Бирок Кыргыз Республикасынын экономикасы акыркы 4 жылда жылына туруктуу түрдө 10% өсүп жатат. Реалдуу сектордогу жүгүртүүнүн олуттуу көбөйүшү тышкы соода

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

Экономика

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

2026-жылдын 22-апрелине карата өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери эл аралык резервдер 4,7%га көбөйгөн.   Бул көрсөткүч өлкөнүн тышкы экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми Улуттук банктын бардык