Кытай компаниясы күн, шамал электр станцияларына 1 млрд доллар салууга кызыкдар

Кытай компаниясы күн, шамал электр станцияларына 1 млрд доллар салууга кызыкдар

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров China Energy Engineering Investment компаниясынын делегациясы менен жолукту.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушууда тараптар кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы кызматташтык жана Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климаты жана мамлекеттик колдоонун учурдагы чаралары тууралуу маалыматтар берилди.

"Кыргызстан кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары карайт. Биз эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга ачыкпыз жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында колдоо көрсөтүүгө даярбыз", - деди Сабиров.

Кытай тарап жалпы кубаттуулугу 700 МВтка чейин болгон күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд долларга чейин инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди (500 МВт - күн, 200 МВт - шамал).

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, кызматташуунун конкреттүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга жана инвестициялык демилгелерди практикалык деңгээлде кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media