акыркы жаңылыктар

"Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды

Экономика

"Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" программасы башталды

Аял жетекчилердин лидерлик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган "Кыргызстандын 100 санарип аял-лидери" билим берүү программасы расмий түрдө башталды. Долбоор аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке ашырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия билдирди. Маалыматка ылайык, программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген, ошондой эле

Камбоджада алдамчылыкка шектелген кыргызстандык кармалды

Коом

Камбоджада алдамчылыкка шектелген кыргызстандык кармалды

Камбоджанын борбору Пномпень шаарында кол-борборго жүргүзүлгөн рейд учурунда 20 чет элдик жаран кармалды. Алардын ичинде 19 Кытай жараны жана Кыргызстандын бир жараны бар экенин Khmer Times гезити билдирди. Маалыматка ылайык, шектүүлөр алдамчылык иштерине катышы бар деп эсептелген кол-борбордо тинтүү жүргүзүлүп жаткан учурда кармалган. Онлайн алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүнүн

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 9 900 метр тор, 160 кг таштанды чыгарылды

Коом

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 9 900 метр тор, 160 кг таштанды чыгарылды

ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан Ысык-Көлдө тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Учурда адистер көлдүн Түп районуна караштуу айыл аймактарында суу түбүнөн балык уулоочу торлорду жана ар кандай таштандыларды тазалоо иштерин улантып жатышат. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жүргүзүлгөн иштердин алкагында көл түбүнөн жалпысынан 9900 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор жана 160

ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?

Экономика

ЭСФ, ЭТТН жаңы системасын киргизүү товарлардын кымбатташына алып келеби?

Бишкекте өткөн тегерек столдун алкагында жеткирүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү Экономика министрлигин жана Мамлекеттик салык кызматын электрондук эсеп-фактуралардын (ЭСФ) жана коштомо жүк кагаздарынын (ЭТТН) жаңы системасын киргизүү мөөнөттөрүн кайра карап чыгууга чакырышты. Бизнес өкүлдөрү гибрид документ эки системанын тең техникалык кемчиликтерин камтып калганын айтып, аны ишке киргизүү кризис шартында кошумча чыгымдарды

ТМУнун алкагында кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды

Саясат

ТМУнун алкагында кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өттү. Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-

Бишкек мэриясы "Нуркожо" конушундагы коомдук транспорт боюнча түшүндүрмө берди

Транспорт

Бишкек мэриясы "Нуркожо" конушундагы коомдук транспорт боюнча түшүндүрмө берди

Бишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу тарабынан айтылган "Нуркожо" конушунда коомдук транспорт жок деген маалымат чындыкка дал келбесин билдирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда "Ак-Бата" конушунун акыркы аялдамасына жана "Нуркожо" конушунун башына чейин №23 жана №77 автобус

Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Экономика

Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Кыргызстанда улуттук валютанын сүрөттөрүн жарнамада колдонууда Улуттук банк белгилеген эрежелерди сактоо зарыл экенин Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү башкармалыгынын башкы эксперти Күмүшай Артыкова билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк банкноттор менен тыйындардын эмитенти катары аларды кайра чыгарууга (сүрөтүн колдонууга) атайын талаптарды бекиткен. Белгиленген эрежелер сакталган учурда банкноттордун сүрөттөрүн жарнамалык максатта колдонуу

Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?

Экономика

Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?

Чек ара аймактарынын тургундары мамлекеттик төлөмдөрдөн жана кошумча колдоо берүүчү коэффициенттерден ажырап калышы мүмкүн экенин депутат Камиля Талиева 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салган 1997-жылдын 25-декабрындагы №377 токтом күчүн жоготушу мүмкүн. Токтом долбоору коомдук

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы өз ишин аяктады

Банктар

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы өз ишин аяктады

2026-жылдын 1-апрелинде КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев ЭВФ командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, тараптар акча-кредит саясаты, финансы секторунун туруктуулугу жана өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар сыяктуу негизги маселелерди талкуулашты.  Жолугушууга ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунда

Кыргызстанда иш берүүчүлөр практикага басым жасаган кадрларды талап кылууда

Коом

Кыргызстанда иш берүүчүлөр практикага басым жасаган кадрларды талап кылууда

Кыргызстандагы иш берүүчүлөр кадрларды даярдоо ыкмасын кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилешүүдө. Алар теориядан көрө ишке дароо кирише алган адистерге муктаж экенин билдиришкен. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мындай жыйынтык аталган министрликтин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүргүзгөн жаштардын эмгек рыногу боюнча изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Изилдөөгө ылайык,

Жогорку Кеңеште мал оорулары жана ветеринария маселеси көтөрүлдү

Коом

Жогорку Кеңеште мал оорулары жана ветеринария маселеси көтөрүлдү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзамды талкуулоо учурунда эл өкүлдөрү мал ооруларынын көбөйүшү жана ветеринардык кызматтардын жетишсиздиги маселесин көтөрүп чыгышты. КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков

Өлкөгө 7,6 млн сомдук дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Коом

Өлкөгө 7,6 млн сомдук дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз товар ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Рейд учурунда жүк ташуучу автоунаа текшерилип, тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүктөр табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз алып