Коом
Аксы районунда 5 млн сомдон ашык каржылык бузуулар аныкталды
КРнын Эсептөө палатасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайкештик аудит жүргүздү. Текшерүү 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин уланып, Аксы райондук мамлекеттик администрациясы, Аксы районунун өнүктүрүү фондусу, Финансы министрлигинин Аксы финансы башкармалыгы, Кербен шаардык мэриясы, Кербен шаардык мэриясынын алдындагы “Кербен Тазалык”, “Кербен Таза суу”