Кызыктуу
Москвада Айвазовскийдин "Айлуу түн Крымда" пейзажы 60 млн рублга бааланды
Москвада Илья Репин, Иван Айвазовский, Исаак Левитан, Валентин Серов жана Виктор Васнецовдун жалпы баасы 1 миллиард рублга жеткен эмгектери сатыкка чыгарылды. Москвалык аукцион үйү 1-мартта жазгы соодасын өткөрөт. Анда жогоруда аталган сүрөтчүлөрдөн тышкары Иван Шишкин, Василий Поленов, Константин Коровин, Петр Кончаловский жана XVIII–XX кылымдардын башка чеберлеринин чыгармалары сунушталат.