акыркы жаңылыктар

Чаткалда селдин кесепетинен жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты

Коом

Чаткалда селдин кесепетинен жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Биримдик айылында сел суулары эки турак үйдүн жер төлөлөрүн каптаган. Ал эми Мончок-Дөбө айылында эки автоунаа көпүрөсү жабыркап, Сумсар

Бириккен Араб Эмиратынан Ысык-Көлгө аба каттамдарын ачуу пландалууда

Транспорт

Бириккен Араб Эмиратынан Ысык-Көлгө аба каттамдарын ачуу пландалууда

Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкууланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын жайкы туристтик сезонуна карата Шарджа – Ысык-Көл багытында жаңы авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Эгерде бул долбоор ишке ашса,

Нарында туристтик милиция кызматы ишке кирет

Коом

Нарында туристтик милиция кызматы ишке кирет

Нарын облусунда туристтердин коопсуздугун камсыздоого багытталган туристтик милиция кызматы иштей баштайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы кызматтын курамына 20 кызматкер кирип, алар туристтер көп каттаган аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөшөт. Туристтик милициянын негизги милдеттерине туристтерге маалыматтык жана кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү, укук бузуулардын алдын алуу, коомдук

Бишкектеги Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Транспорт

Бишкектеги Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкек шаарында “Дордой” базарынын аймагында жол инфраструктурасын оңдоп-түзөө долбоорунун экинчи этабы башталат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдын 16-июнунан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөө жол инфраструктурасынын абалын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга

Экология тармагына санарип башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилет

Коом

Экология тармагына санарип башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен регионалдык башкармалыктардын адистери үчүн квалификацияны жогорулатууга багытталган масштабдуу окуу семинары башталды. Министрликтин маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты — аймактардагы адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, экологиялык көзөмөлдү санариптештирүү жана жаратылышты коргоо системасына заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү. Катышуучулар мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүү, к

Жакырчылыкты азайтуу боюнча программа иштелип чыгат

Коом

Жакырчылыкты азайтуу боюнча программа иштелип чыгат

11-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу программасын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жыйынды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов алып барды. Мекемелер аралык жумушчу топтун курамына экономика, иш

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди

Саясат

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  Мыйзам Жогорку Кеңештин депутатынын окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердиги үчүн сый акы алуу укугу боюнча колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жана эки ача чечмелөөнү жоюу

Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Саясат

Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында, 12-июнда, жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Төмөнкү эки тараптуу

Салык төлөмдөрү боюнча бир катар өзгөртүүлөр кирди

Экономика

Салык төлөмдөрү боюнча бир катар өзгөртүүлөр кирди

Президент Садыр Жапаров 11-июнда "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетине "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун

Туристтик сезондо милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коом

Туристтик сезондо милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн туристтик аймактарында коомдук тартипти сактоо, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн тартылган Бирдиктүү коопсуздук кызматынын бөлүктөрүнүн гарнизондук ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. “Бүгүн биз гарнизондук ачылышты өткөрүп, жарандардын жана туристтердин

Чүй жана Ысык-Көлдө коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Коом

Чүй жана Ысык-Көлдө коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облустарында милиция кызматкерлеринин туристтик мезгилге даярдыгын текшерди. Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасы, саптык даярдыгы жана жарандар менен иштөө маданияты өзгөчө көңүл борборунда болду. Ошондой эле жолдо жүргөн айдоочуларга ылдамдыкты ашырбоо, каршы тилкеге чыкпоого байланыштуу

Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болду

Коом

Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болду

SpaceX, Tesla, xAI жана X социалдык тармагынын ээси Илон Маск дүйнөдөгү биринчи триллионер болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын байлыгы SpaceX компаниясынын алгачкы ачык акцияларын жайгаштыруудан кийин кескин өскөн. Бирок басылмалар белгилегендей, Маск бул даражага негизинен “кагаз жүзүндө” жеткен. Баалоого анын келечекте ала турган акциялары да киргизилген.