Президент С. Жапаров Германиянын Элчисин кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, Германия Федеративдүү Республикасынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. Мамлекет башчысы Элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө С.Жапаров акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы соода кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба