Кыймылсыз мүлк
Бишкекте 14 кабаттуу турак жай имаратынын курулушу токтотулду
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен №61 мектептин жанындагы курулуш иштери убактылуу токтотулуп, курулушка байланыштуу укук берүүчү документтер кайтарылып алынганын Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда №61 мектептин жанында 14 кабаттуу турак жай имараты курулуп жатканы тууралуу жарандардын видео кайрылуусу тараган.