Экономика

Кызмат көрсөтүү тармагы экономикалык өсүштүн 49,3%ын түздү

Экономика

Кызмат көрсөтүү тармагы экономикалык өсүштүн 49,3%ын түздү

2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү тармагы дүң продукциясынын көлөмү 1 236 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 9,3%га өстү. Бул сектор ИДПнын өндүрүш структурасында 49,3% үлүшүн ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошууну улантууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан, Афганистан 157 млн долларлык 11 келишимге кол койду

Экономика

Кыргызстан, Афганистан 157 млн долларлык 11 келишимге кол койду

Афганистандын борбор калаасында өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлери жалпы суммасы 157 млн долларды түзгөн 11 ниет келишимине кол коюшканын Экономика министрлиги билдирди. Кабул шаарында өткөн иш-чарага бизнес чөйрөсүнүн жана мамлекеттик органдардын 100дөн ашуун өкүлү катышты. Кыргызстандын делегациясын экономика министри Бакыт Сыдыков жетектеди. "Кыргыз Экспорт" борборунун

Бишкекте Кытай мамлекетинин жардамы менен ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулат

Саясат

Бишкекте Кытай мамлекетинин жардамы менен ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулат

МинКабдын 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 1004-т тескемеси менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлө турган жооптун долбоорун жактырды. Бул кат аркылуу "Кыргыз Республикасында ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияны куруу жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу" долбоорун ишке ашыруу боюнча Макулдашуу таризделет. Алмашуу катынын текстине ылайык, Кытай тарап Бишкек шаарында

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

Экономика

Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча Комиссиянын курамы бекитилди

МинКабдын 2025-жылдын 26-ноябрындагы №1022-т тескемеси менен Министрлер Кабинетинин алдындагы Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитти. Комиссиянын төрагасы болуп МинКаб Төрагасынын орун басары дайындалды. Комиссия төрагасынын орун басары — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары. Комиссиянын курамына экономика жана коммерция, юстиция, финансы, жаратылыш ресурстары, экология

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

Экономика

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

2025-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын 11 айында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине

11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Экономика

11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн өнөр жай ишканалары тарабынан 686 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га жогору болду. Бул тууралуу расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

Экономика

Электрондук визалардан жана Бирдиктүү уруксаттан 5 млрд сомдон ашык киреше түштү

2025-жылы электрондук визалардын бардык түрлөрүнөн жана Бирдиктүү уруксаттан түшкөн жалпы киреше 5 млрд 60 млн 167 миң 948 сомду түзгөнүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу чет өлкөлүк жарандарга резидент-карталарды берүү боюнча өткөн брифингде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында 326 миң 158

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика

ИДПнын өсүшү 110%: Кыргызстан экономикасында туруктуулук сакталууда

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттик каражаттардын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү жана калктын кирешесинин жогорулашы менен камсыз кылынууда. Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди

Саясат

Кыргызстан экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкөнүн катарына кирди

Бүгүн, 17-декабрда Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынын биринчи жыйынында сөз сүйлөп, өлкөнүн экономикалык өсүшү, тышкы карыздарды башкаруу жана санариптештирүү аркылуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров сөзүндө жаңы Кыргызстанды куруу жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн бардык бийлик бутактары биримдикте иштеши керектигин баса белгиледи. Ал экономиканын өсүү

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Экономика

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк: Кабулда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Күн мурун, 16-декабрда Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чарага КРнын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Экономика

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди. Ал Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

Экономика

Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатууну көздөгөндөр кармалды

УКМКдан билдиришкендей, 8-декабрда УКМК Монополияга каршы кызматтын аймактык бөлүмү жана Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте Кара-Кече кенинен (108 тонна) көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унааны кармаган. Алар көмүрдү Нарын шаарында жогорулатылган баада (тоннасына 6000 сом) сатууну пландап жатышкан. Аталган унааларга Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл