Экономика

2023-жылдын беш айында алкаголдук продукциясынын сатуусунан бюджетке 1.4 млрд сом түштү

Экономика

2023-жылдын беш айында алкаголдук продукциясынын сатуусунан бюджетке 1.4 млрд сом түштү

Алкоголдук продукциядан түшкөн киреше өткөн жылга салыштырмалуу 199%га көбөйдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, 2023-жылдын январь-май айларында 22 млн 895 миң литр алкоголдук продукция өндүрүлгөн, бул мурунку жылга салыштырмалуу 9 млн 756 миң литрге көп. «Өткөн жылдын ушул мезгилине

1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы

Экономика

1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат – Салык кызматы

2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти. Буга төмөнкү товарлар кирет: • ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыра (куюлган жана куюлбаган); • электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук (ТЭИ ТН 2404); • бир

Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Экономика

Ысык-Көл облусу менен КНРдын СУАР аймагы туризм тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

27-июнь күнү Ысык-Көл облусуна Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень келди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Облус жетекчиси Илияз Иманбетов Кытай элчиси менен облустагы бир катар маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Анда эки өлкө ортосундагы карым-катнаш, өзгөчө Ысык-Көл облусу менен Кытайдын

Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Экономика

Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү

Кытайдын Чэнду шаарында соода-экономиканы жана инвестицияны өнүктүрүүгө арналган форум өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги билдирди. Форумга Сычуань провинциясынан 100 ашык инвестициялык жана туристтик компаниялардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов иш-чаранын жүрүшүндө кытайлык ишкерлерге Кыргызстандагы бизнес-климат, ошондой эле анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Улуттук банк төлөм системасына лицензия берди

Экономика

Улуттук банк төлөм системасына лицензия берди

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 21-июнундагы токтому менен «Азия Пэймент Солюшн» жоопкерчилиги чектелген коомуна лицензиялар берилди. Бул тууралуу КРУБнын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, системага төмөнкү лицензиялар берилди: • үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун

Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат

Экономика

Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясы курулат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады. In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат. Ошондой

Өкмөт Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу долбоорун талкуулады – долбоордун баасы 35 млн доллардан ашуун

Экономика

Өкмөт Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу долбоорун талкуулады – долбоордун баасы 35 млн доллардан ашуун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана каржы институттарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жыйында Майлуу-Суу чакан ГЭСин куруу үчүн биргелешип каржылоо маселеси каралды.

Ош облусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 116 сорту сыноодон өтүүдө

Экономика

Ош облусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 116 сорту сыноодон өтүүдө

КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев мамлекетибизде чыгарылган жана башка чет – өлкөлөрдөн алынып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун Ош облусунун шартында сынап, ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн өсүмдүктөрдүн жыйынтыгы менен жеринде танышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, «Таширов» кооперативинин жетекчиси Зарипбек Жоошбеков пахтанын  эгиндерин өстүрүүдө ар

Венгрия менен БАЭ Кыргызстандан этти сатып алуудан баш тартышты — баасы Казакстандан кымбат

Экономика

Венгрия менен БАЭ Кыргызстандан этти сатып алуудан баш тартышты — баасы Казакстандан кымбат

Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстандын "Торо" компаниясы Венгрияга жана Бириккен Араб Эмираттарына эт экспорттоону пландаштырып жатканын буга чейин кабарлаган элек. Бирок тилекке каршы, көп өтпөй компания экспортко чыгалбай калганын билдирген. Ата мекендик "Торо" ЖЧК муздатылган кой этин элүүдөн 100 тоннага чейин ай сайын БАЭге жеткирүү боюнча келишим

Ош облусунда 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Экономика

Ош облусунда 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Маалымат министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду. Долбоорго ылайык, аталган борбор «Достук» чек ара өткөрмө аймагынан 800 метр аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган.

Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттогонго мүмкүн алды

Экономика

Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттогонго мүмкүн алды

Кыргызстан Иранга 20 миң тонна арпаны экспорттоого квота алды. Мындай чечимди 26-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Москвада өткөн кезектеги жыйынында кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтү кабарлады. ЕАЭБ менен Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын алкагында Иранга дан эгиндерин сатуу маселеси каралды. Маалым болгондой,

«Кемин» көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдыктар жүрүп жатат – видео

Экономика

«Кемин» көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдыктар жүрүп жатат – видео

«Кемин» 500/220/35 кВ көмөк чордонунда 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Такталгандай, бул көмөк чордон жаңы болгондуктан учурда техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Энергетиктердин максаты ар бир үйгө жылуулук жана жарык тартуулоо.