Гранттар жана кредиттер
Евробиримдик Баткендин жабыркаган тургундарына 210 миң евро берет
Сентябрдын ортосунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарды колдоо үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) 210 миң евродон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Евробиримдиктин каржылоосу Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай Коому (КР КЖУК) аркылуу жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, өзгөчө үй-жайынан айрылгандарга акчалай