Коом

БШК: 229 жаран шайлоого катышуу ниетин билдирди

Коом

БШК: 229 жаран шайлоого катышуу ниетин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен билдиришти. БШКнын маалыматына ылайык, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. 10-ноябрда шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери башталат.

Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык фактылар аныкталды

Коом

Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык фактылар аныкталды

Манас шаарында айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема аныкталганын УКМК билдирди. Ыкчам-тергөөдө президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурган схема жабылып, бөгөт коюлду. Аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери жеке менчик авто мектептердин инструкторлору менен алдын ала сүйлөшүп, практикалык сынак үчүн окуучулардан

1 гр алтындын баасы 1 айда - 1 312 сомго кымбаттады

1 гр алтындын баасы 1 айда - 1 312 сомго кымбаттады

КРнын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы өсүү динамикасын көрсөтүп жатат. Мындан бир ай мурда, 14-сентябрда 1 гр алтындын баасы - 11 636 сом турса, бүгүн 14-октябрына карата 1 гр алтындын баасы - 12 948сомдон сатылууда. Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу баасы Улуттук банк тарабынан күн сайын сом

Мурдагы банкир малина өстүрүп, чет өлкөгө экспорттой баштады

Бизнес

Мурдагы банкир малина өстүрүп, чет өлкөгө экспорттой баштады

Руслан Кубанычбеков — буга чейин шаарда банк тармагында иштеп, кийин дыйканчылыкты тандап, ийгиликтүү агробизнесменге айланган кыргыз фермери. Ал учурда малина, дарбыз жана алча өстүрүп, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү менен алектенет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Руслан өзүнүн фермасында биогумус өндүрүү технологиясын иштеп чыгып, аны иш жүзүндө колдонууда. Бул органикалык

РКӨФ “Жууку” курорттук аймагын оңдоп-түзөөдө

РКӨФ “Жууку” курорттук аймагын оңдоп-түзөөдө

Ысык-Көлдүн кооз капчыгайларынын бириндеги «Жууку» курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоору башталды. Бул долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу аталган фонддун расмий сайтында маалымдалган. Маалыматта белгиленгедей, 2 гектар аянтка жайгашкан термалдык булак комплекси совет доорунан бери иштеп, Кыргызстандын тургундарына жана конокторуна жакшы белгилүү.

Сузактагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Коом

Сузактагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында 225 орунга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу кызуу уланып жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 595 чарчы метрди түзөт. Долбоордо окуучулар менен мугалимдер үчүн бардык заманбап

Өлүм жазасы: Конституцияга өзгөртүү долбоору коомдук талкууда

Бийлик

Өлүм жазасы: Конституцияга өзгөртүү долбоору коомдук талкууда

Президенттик аппарат балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын белгилөө мүмкүнчүлүгүн караган “КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Түшүндүрмө катта белгиленгендей, мыйзам долбоорунун максаты балдардын жана аялдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону күчөтүү болуп саналат. Балдар жана аялдар Конституцияда мамлекеттин

Эми “Пикир” платформасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды баалай аласыз

Коом

Эми “Пикир” платформасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды баалай аласыз

Бишкек шаарында “Пикир” мамлекеттик маалымат системасы иштей баштады. Жарандар QR код аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын баалай алышат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ал үчүн смартфонуңуздун камерасын QR кодуна буруп, пикир билдирүү колдонмосуна шилтемени басыңыз. Кантип пикир калтырууга болот: 1. QR-кодду сканерлеңиз. 2. Электрондук почтаңызды киргизиңиз. Эгер катталбаган болсоңуз, төмөнкү

Чүйдөгү мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

Коом

Чүйдөгү мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында уруксатсыз курулуш фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Совет көчөсүндө жайгашкан газ куюучу станция тиешелүү долбоордук уруксат документтерисиз курулуп жатканы аныкталган. Натыйжада, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу

Бишкекте максатына ылайык колдонулбаган объектилер бузулууда

Бишкекте максатына ылайык колдонулбаган объектилер бузулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан максатына туура келбеген  объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер борбор калаанын мэриясынын чечиминин негизинде аткарылып жаткандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Салтанат жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 0,173 гектар болгон жер тилкесинде жайгашкан объектилер бузулууда. Аталган жер

Кыргызстанда балдарга татаал нейрохирургиялык операциялар жасалды

Коом

Кыргызстанда балдарга татаал нейрохирургиялык операциялар жасалды

Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына — аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) чалдыккан балдарга эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жасалды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операцияларды Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдары биргеликте аткарышкан. Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү. Ага нейрохирург

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Коом

Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кыргызстан Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул гуманитардык жардам Президенттин тапшырмасы жана Министрлер Кабинетинин чечими менен уюштурулган. Экспедициянын алкагында Афганистандын Бадахшан провинциясындагы этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтүлүп, ветеринардык дары-дармектер