Коом
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 11 айда 127,6 млн сомдон ашык компенсация төлөдү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга 2025-жылдын 11 айында жалпы 127,6 млн сомдон ашуун компенсация төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөргө токтолсок, жалпы 236 учур катталып, төлөнгөн сумма 30 млн 561 миң 946 сомду түздү. Анын ичинен өрт