Коом
Ысык-Атадагы 26,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Ысык-Ата районунда жалпы аянты 26,43 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында ишкерлерден акча каражатын опузалап алуу фактылары аныкталды. Бул фактылар уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында аныкталган.