Коом
Сууну 90%га чейин үнөмдөйт: Кыргызстанда гидропоника кеңири жайылууда
Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү багытында заманбап ыкмалардын бири болгон гидропоника технологиясы активдүү түрдө киргизиле баштады. Бул ыкма өсүмдүктөрдү топураксыз, атайын азык заттар кошулган суу аркылуу өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Адистердин айтымында, гидропоника салттуу дыйканчылыкка салыштырмалуу сууну 70–90%га чейин үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жана өсүү ылдамдыгын