Экономика
Президент УТРКны реконструкциялоону толук аяктоого каражат табуу тапшырмасын берди
Президент Садыр Жапаров кечээ капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барып, УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып чыкты. Эске салсак, УТРКнын стратегиялык маанисин жана анын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен президент Садыр Жапаров 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүү тапшырмасын