Коом
Дарыянын суусун булгаган адамга 10 миң айып пул салынды
Социалдык тармактарга тараган видеодон кийин Алай районунун Сары-Ой жайлоосунда дарыяны булгаган жаранга карата Ош облустук Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан айып пул салынганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ыкчам текшерүүгө интернетке кеңири тараган жарнамалык видеоролик негиз болгон. Видеодо бир эркек киши килемдин үстүнө