Коом
Курал-жарак алууда мамлекетке келтирилген 244,6 млн сом чыгым өндүрүлдү
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Коргоо министрлигинде курал-жарак алууда келтирилген ири зыяндын толугу менен орду толтурулганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, зыян өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы менен байланыштуу. Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян 244 млн 587 миң 870 сомду түзгөнү аныкталган. Бул сумма