Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды

Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн өтмөк курууга 10 млн сом каралды
Photo by David G / Unsplash

Жогорку Кеңештин Өнөр-жай, транспорт, энергетика, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында республиканын автомобиль жана ички жолдорунун абалы жана унаа жолдорун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү каралды.

Депутат Бакыт Чомоев Бишкек–Кара-Балта жолунда окуучулар үчүн коопсуздукту камсыз кылуу максатында жөө адамдар үчүн жер астындагы өтмөк курууну сунуштады. Анын айтымында, жолдун жанындагы мектептерден улам унаалардын көптүгүнө байланыштуу жол кырсыктары көп катталууда.

Транспорт министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев аталган өтмөк 28-чакырымдагы тилкеде быйылкы жылдын титулдук тизмесине киргизилгенин жана ага 10 млн сом каралганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 908,7 млрд сомго жетти

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын дүң көлөмү 908,7 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдайт. Кызмат көрсөтүү тармагы мурдагыдай эле өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири бойдон калууда. Анын ИДПнын өсүшүнө

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Майданда канал оңдоого катышкандарга азык-түлүк жана 1800 сомдон берилет

Баткен облусунун Майдан айылында сууну натыйжалуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелер агенттиги" коомдук фонду билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында аймактагы негизги суу булагы болгон "Бант суусу" каналынын 1320 метрин оңдоо каралган. Учурда курулуш иштерине 55 жергиликтүү тургун

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө жети айда 525 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда өнөр жай ишканалары 525,3 млрд сомдук дүң продукция өндүрдү. Өндүрүш көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,2%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өсүш тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки продукцияларын өндүрүүдө 2,4%ды, негизги металлдарда 8,5%

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абадда быйыл 139,5 чакырым жолду оңдоо каралган: канчасы бүттү?

Жалал-Абад облусунун 2026-жылдагы титулдук тизмесине жалпы 139,5 чакырым жол киргизилип, учурда анын 57%дан ашууну аткарылды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, капиталдык салымдар беренесинин алкагында дагы 648 чакырым жолдо курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, аталган иштердин негизги максаты — калктуу конуштар арасындагы транспорттук байланышты