Чүйдө Спартак – Беш-Терек жолунун бир бөлүгү пайдаланууга берилди

Чүйдө Спартак – Беш-Терек жолунун бир бөлүгү пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Москва районундагы Спартак – Беш-Терек унаа жолунун 2,15 чакырым тилкесинде асфальт төшөө иштери толугу менен аяктап, жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолго тиешелүү белгилер чийилип, коопсуз жүрүүгө шарттар түзүлгөн. Курулуш иштери Титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп, №28 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, Спартак – Беш-Терек унаа жолунун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?