Садыр Жапаров Гүлчөдө: 340 млн сомго жолдор кеңейтилип, тротуарлар курулат

Садыр Жапаров Гүлчөдө: 340 млн сомго жолдор кеңейтилип, тротуарлар курулат

Президент Садыр Жапаров Алай районунун Гүлчө шаарына барып, социалдык объектилердин курулушу, анын ичинде жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардагы ички жолдорду жана тротуарларды куруу иштерине өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 340 млн сом бөлүнгөн. Тиешелүү маалыматты транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Мамлекет башчысына тааныштырды.

Долбоор Алымбек Датка көчөсүнүн 3,7 чакырым жана Курманжан Датка көчөсүнүн 0,8 чакырым бөлүктөрүн камтыйт. Жалпы оңдолуучу жолдун узундугу 4,5 чакырымды түзөт.

Жолдор төрт тилкеге чейин кеңейтилип, 9 чакырым тротуар курулат. Ошондой эле ирригациялык арыктар жана заманбап жарыктандыруу системасы орнотулат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?