Жол эрежесин бузгандарга көзөмөл күчөтүлдү: жаңы камералар орнотулууда

Жол эрежесин бузгандарга көзөмөл күчөтүлдү: жаңы камералар орнотулууда

Ички иштер министрлиги жолдогу укук бузууларды аныктаган аппараттык-программалык комплекстерди ишке киргизүүнү улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында 2026-жылдын башынан бери Бишкек шаарында жана Бишкек–Кордай, Бишкек–Нарын–Торугарт, Бишкек–Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол, ошондой эле Бишкек–Ош унаа жолунун Чүй облусунда бир катар жерлерге жаңы комплекстер орнотулду.

Бул аппараттык-программалык комплекстер жол эрежелерин бузган учурларды, анын ичинде коопсуздук курун тагынбоо, карама-каршы тилкеге чыгуу, ылдамдыкты ашыруу, жол белгилерин сактабоо жана төлөнбөгөн айып пулдарды автоматтык түрдө аныктайт.

Ошондой эле комплекстер жогорку ылдамдыкта жүргөн унаалардын мамлекеттик номерлерин жана айдоочунун коопсуздук курун тагынган-тагынбаганын так аныктоого мүмкүндүк берет.

ИИМ белгилегендей, санариптик көзөмөлдүн негизги максаты — жол кырсыктарынын алдын алуу. Министрлик айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media
Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media