Лебединовка – ГЭС-5 жолу реконструкциядан кийин ачылды
Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Долбоордун алкагында узундугу 36,6 метр болгон көпүрө 5,5 метрге кеңейтилди. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.
Мындан тышкары, жолдун 0–350 чакырым аралыгына калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетон жабындысынын биринчи катмары төшөлдү. Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми оң тарабында суу өткөрүүчү лотоктор орнотулду.
Реконструкциянын натыйжасында жолдун категориясы өзгөртүлүп, эки тилкеден төрт тилкеге чейин кеңейтилди.


