Аба ырайы кескин өзгөрөт: Жолдордо сак болуңуз!

Аба ырайы кескин өзгөрөт: Жолдордо сак болуңуз!

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 16–19-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жана кооптуу тилкелерде жер көчкү жүрүү ыктымалдыгы жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдап, жол коопсуздугун камсыздоо максатында бардык тиешелүү чаралар көрүлгөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Жол тейлөө ишканалары керектүү техникалар жана жабдыктар менен толук камсыздалган. Учурда бардык ашууларда кар тазалоочу атайын техникалар, жүктөгүчтөр жана башка механизмдер даяр абалда турат.

Мындан тышкары, жолдорду иштетүү үчүн инерттик материалдардын — туз жана кум аралашмаларынын жетиштүү көлөмү алдын ала камдалган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырып, унаалардын ортосунда кеминде 500 метр коопсуз аралыкты кармоо зарылдыгын эскертет.

Айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алып, өзгөчө этият болуу суралат.

Мындан тышкары окуңуз

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media
Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media