Бишкекте жаңы автобустардын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Бишкекте жаңы автобустардын үлгүлөрү көрсөтүлдү

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясынын алдында борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевге Zhong Tong жана Yutong маркасындагы эки автобустун жаңы үлгүлөрү тааныштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бул автобустар Бишкек шаарынын конуштарын тейлөө үчүн пландалган 625 даана коомдук транспорт сатып алуу долбоорунун алкагында сунушталды.

Маалыматка ылайык, Zhong Tong үлгүсүндөгү автобус газ мотордук күйүүчү май менен иштейт, ал эми Yutong маркасындагысы электр энергиясы менен жүрөт. Узундугу 8,9 метр болгон бул автобустар төмөн полдуу болуп, кондиционер системалары менен жабдылган. Ошондой эле алар майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган.

Белгиленгендей, жакынкы күндөрү Бишкек шаарына дагы бир катар автобус үлгүлөрү алып келинип, аларга салыштырма талдоо жүргүзүлөт.

Учурда сунушталган транспорт каражаттарына комплекстүү сыноо иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгында корутунду даярдалып, жеткирүүчүлөрдү тандоо жана сатып алынуучу автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча акыркы чечим кабыл алынат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы жалпы 625 даана чакан көлөмдөгү автобусту сатып алууну пландап жатат. Жаңы коомдук транспорт негизинен тар көчөлөрү бар конуштарды тейлөө үчүн пайдаланылат.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media