Кыргызстанда быйыл 1 500 чакырымдан ашык жол куруу пландалууда

Кыргызстанда быйыл 1 500 чакырымдан ашык жол куруу пландалууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 2025-жылы аткарылган иштер жана 2026-жылга карата пландар каралган жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында өтүп, анда министр Талантбек Солтобаев тармактагы негизги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, акыркы жылдары жол тармагын каржылоо эки эсеге өсүп, 2021-2025-жылдары өлкө боюнча жалпы 3684 чакырым жол курулуп жана оңдолгон. Анын ичинен 2025-жылы эле 1545 чакырым жол пайдаланууга берилген.

2026-жылга карата министрлик 1500 чакырымдан ашык жолду куруу жана оңдоо милдетин алган. Учурда республика боюнча 30га жакын ири долбоор ишке ашырылууда.

Жыйында ошондой эле санариптештирүү багыты, бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү жана алдыдагы негизги милдеттер талкууланды.

Эрлист Акунбеков быйыл өтө турган ири эл аралык иш-чараларды — ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын эске салып, жол тармагындагы иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, ал президент Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөн аймактардагы жол көйгөйлөрүн ыкчам чечүүнү, ошондой эле жайкы туристтик мезгилге карата жолдорду даярдоону күчөтүүнү белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media