Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот

Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот

Бишкек шаарында 18-апрелден тарта Лев Толстой көчөсүндө реабилитация иштери башталат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта Термечиков көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.

Экинчи этапта Кривоносов көчөсүнөн Т. Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке убактылуу жабылат.

Жол иштерине байланыштуу коомдук транспорттун айрым каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт. Тактап айтканда, №23, №62, №80, №227 жана №8(Т) каттамдары өзгөртүлгөн тартипте жүрөт.

Шаар бийлиги тургундарды жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландап алууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.

Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар туруктуу айлык менен камсыздалат

Кыргызстанда 1,5 миң ветеринар туруктуу айлык менен камсыздалат

Кыргызстанда ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында "Мал аман" мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жаңы ишканага алгачкы этапта 1,5 миңге жакын жеке ветеринарды ишке алуу каралган. Алар малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик

Таласта Кызыл-Адыр – Чоң-Капка жолунун 11 чакырымы асфальтталды

Таласта Кызыл-Адыр – Чоң-Капка жолунун 11 чакырымы асфальтталды

Талас облусундагы Кировка – Гребень – Плотина унаа жолунун Кызыл-Адырдан Чоң-Капка өткөрмө пунктуна чейинки 11 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жолдун асфальтталышы аймактагы транспорттук байланышты жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүүгө шарт түзөт. 2026-жылга карата титулдук

Кеминде имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү тартипке келтирилет

Кеминде имараттардын сырткы көрүнүшү бирдиктүү тартипке келтирилет

Кемин шаарында дүкөндөрдүн, банктардын жана башка коомдук объектилердин сырткы көрүнүшүн бирдиктүү дизайн-кодго ылайыкташтыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Учурда Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кемин райондук башкармалыгынын архитекторлору объектилердин эскиздик долбоорлорун иштеп чыгууда. Долбоорлордо имараттардын фасаддарынын түсүн жана архитектуралык чечимдерин