Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында 40 чакырым жол курулуп башталды

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Анын алкагында 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзү маалымат таратты.

Бүгүн, 20-апрелде Эрмат Джумаев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көрөбаев жана тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жол куруу иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

“Жол куруу иштерин жеке көзөмөлүмө алып, алардын сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурабыз. Анткени алдыда өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүн салтанаттуу белгилөө иш-чаралары Талас облусунда өткөрүлөт”, - деди Жумаев.

Курулуш иштери болжол менен 4 айга созулат. Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым жолду куруу иштери активдүү жүрүүдө. Экинчи баскыч менен дагы 7 көчөдө курулуш иштери башталмакчы. Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылып, бекитилген графикке ылайык иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөө иш-чаралары быйыл Талас облусунда өткөрүлөт.

 

Мындан тышкары окуңуз

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media
Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media