Көчмөндөр оюнуна чейин жолдорду бүтүрүү тапшырмасы коюлду

Көчмөндөр оюнуна чейин жолдорду бүтүрүү тапшырмасы коюлду

Бүгүн, 21-апрелде министр Талантбек Солтобаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кезектеги аппараттык жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, жыйынга министрдин орун басарлары, бөлүм башчылар, министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана мекеме-ишканалардын башчылары, ошондой эле онлайн форматта жол тейлөө ишканаларынын жетекчилери катышты.

Министр Т. Солтобаев авариялык участоктор боюнча иш-аракеттер, долбоорлор толук кандуу жүрбөй, приоритеттер аныктала электиги үчүн жол чарба департаментинин ишин сынга алды. Ошондой эле республика боюнча унаа жолдордун бирдиктүү реестрин тез арада бүтүрүүнү тапшырды. 
Өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамалар этап-этабы менен жаңыланууда. Жаңы аялдамалардын долбоорун, конструкциясын жана сырткы жасалгасын министрликтин алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялар борбору” иштеп чыгып, өлкө аймактарына орнотууну баштаганы турат. Аталган иштерди өз мөөнөтүндө аткаруу милдеттендирилди.

Жыйындын соңунда министр тийиштүү жетекчилерге Нарын-Баетов унаа жолунун курулушун тездетүүнү, ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына карата, ошондой эле жайкы сезондун башталышына чейин унаа жолдорун ачуу, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн иштерди алып барууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media
ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

1-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча жардам тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарага ТИМ орун басары Кайрат Турсункулов, дипкорпустун дуайени, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын өкүлү А. Алымкулова катышты. Мектеп-интернатка 300 000

Ишкер Media
Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген. Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган

Ишкер Media