Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун транспорт боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Бүгүн Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн Транспортту өнүктүрүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги XIV жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде транспорт тармагын санариптештирүү жана транзиттик процедураларды жөнөкөйлөтүү маселелери каралды.

Иш-чаранын алкагында негизги көңүл санариптештирүүгө бурулуп, уюмга мүчө мамлекеттер арасында "e-CMR" электрондук системасын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү жана "e-Permit" долбоорун андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Транс-Каспий багытындагы "Орто коридор" аркылуу жүк ташууларды жеңилдетүү, транзиттик операцияларды оптималдаштыруу чаралары каралды.

Ошондой эле Каспий деңизиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде паром каттамдарын колдоо жана биргелешкен жүк ташуучу паромдорду ишке киргизүү концепциясы талкууланды.

Жыйында Түркия тарабынан сунушталган транспорттук уюмдарды реформалоо маселеси жана 2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда кол коюлган “Түрк мамлекеттери уюмунун эл аралык аралаш жүк ташуулар жөнүндө макулдашуусунун” күчүнө кириши боюнча пикир алмашуулар болду.

Жыйындын жыйынтыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин Транспорт министрлеринин 9-жыйынынын долбоору бекитилди.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media
ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

1-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча жардам тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарага ТИМ орун басары Кайрат Турсункулов, дипкорпустун дуайени, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын өкүлү А. Алымкулова катышты. Мектеп-интернатка 300 000

Ишкер Media
Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген. Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган

Ишкер Media