Кыргызстан менен Кытай автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Кытай автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев Кытай Эл Республикасынын транспорт министринин орун басары Ли Ян жана автотранспорт делегациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө автотранспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Атап айтканда, тараптар Кыргызстандын Кытай, Россия жана Монголиянын ортосундагы Азия унаа жолдорунун тармагы боюнча эл аралык унаа ташуулары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кошулуу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Ошондой эле кыргыз жүк ташуучуларына Кытайдын аймагында габаритсиз жүктөрдү ташууга атайын уруксаттарды берүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жеңил автоунааларынын Кытайга кирүүсү жана өлкө аймагында кытай таксилеринин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер каралды.

Жыйындын алкагында Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстандын ортосундагы эл аралык унаа каттамдары боюнча макулдашууга ылайык уруксат кагаздарынын бланктарын даярдоо маселеси да талкууланды.

Ошондой эле эки өлкөнүн транспорт министрликтеринин автотранспорт делегацияларынын кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү боюнча сунуштар каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана эл аралык унаа ташууларын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткен шаарында муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган. Алардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтому менен кабыл алынган. Ал эми жеке менчик

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Аксы районунун Кербен шаарындагы Жерге-Тал айылында курулуп жаткан спорт залдан мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүдө курулуш-монтаждоо иштери объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды. Мыйзам бузуу фактысы боюнча "Кайрат Строй Кей Джи" ЖЧКсына акт

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Таластык фермер 1,5 гектар жерден жылына 13 тоннага жакын малина жыйнайт

Талас облусунун Талас районунда мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны көбөйүүдө. Учурда райондо малина жана ежемалина 12 гектардан ашык аянтка эгилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Талас районунда жалпы 35 миң 326 гектар айдоо жери бар. Акыркы жылдары жергиликтүү дыйкандар аймактын климаттык шартына ылайыкташкан малинанын ар түрдүү сортторун