Жол фондунун 10%ын  тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Жол фондунун 10%ын  тармакты өнүктүрүүгө жумшалат

Жол фондунун каражатынын 10%ы тармакты өнүктүрүүгө багыттоо тууралуу мыйзам долбоору үч окууда каралып, кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы ырастады.

“Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев тааныштырды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол фондусуна топтолгон каражаттын 10%ын тармактын өзүн өнүктүрүүгө багыттоо сунушталууда. «Тармактын системалуу өнүгүүсүн камсыз кылуу зарылдыгы чыгууда. Жол куруу техникаларын жакшыртуу, жол чарба департаменттеринин имараттарын жана өндүрүш базаларын жаңылоо, асфальт-бетон заводдорун, битум сактоочу жайларды модернизациялоо, кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу маселелери бар. Республикалык бюджеттен кошумча каражат тартуу ар кандай процедураны, убакытты талап кылып жатат, мындан улам фондго түшкөн каражаттын 10% тармакты өнүктүрүүгө багыттоону мыйзам менен бекитүү сунушталууда», - деди министр. 

Талкуу маалында депутат Алишер Козуев фондго канча каражат чогулганы жана ага канча чакырым жол курулганы тууралуу элге кеңири маалымат берүү керектигин белгиледи. Министр Талантбек Солтобаев 2025-жылы Жол фонду 12.6 млрд сомду түзүп, 1500 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн маалымдады. 

Депутат Болотбек Борбиев, жол фондуна чогулган каражат боюнча суроосуна жооп берип жатып, министр Талантбек Солтобаев былтыр каражаттын 100% жол оңдоого сарпталганын, быйыл да каражаттын 90% жолдорду өнүктүрүүгө жумшаларын айтты. 

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку кеңештин спикери Франциянын Сенатынын вице-президенти менен парламенттер аралык байланыштар боюнча талкуу жүргүздү

Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев 1-октябрда Францияга болгон расмий сапарынын рамкасында Франциянын Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тараптар учурдагы абал жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, ошондой эле эки өлкөнүн мыйзам чыгаруучу органдарынын байланышын бекемдөө, достукту өнүктүрүү жана расмий

Ишкер Media
"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

"Чоң-Капка" өткөрмө пунктунан 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товар кармалды

Мамлекеттик салык кызматы Чек ара кызматы менен биргеликте "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүк ташууну аныктады. Бул тууралуу Салык кызматыны кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүүдө Mercedes-Benz Atego жүк унаасынан эсепке алынбаган товарлар табылган. Айдоочу эсеп-фактура жана коштомо документтерди көрсөтө алган эмес. Табылгандар товарлар - телефон каптары, аэрозолдор, чарбалык

Ишкер Media
ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

ТИМ жана дипкорпус Панфилов мектеп-интернатына 300 миң сомдук жардам тапшырды

1-октябрда Тышкы иштер министрлигинде Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесинин жыйынтыгы боюнча жардам тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, иш-чарага ТИМ орун басары Кайрат Турсункулов, дипкорпустун дуайени, Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода жана К. Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын өкүлү А. Алымкулова катышты. Мектеп-интернатка 300 000

Ишкер Media
Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

Чүйдө 35 тонна дизель төгүлүп, дарыя булганды

30-сентябрда Жайыл районунда 35 тонна дизель отунун ташыган автоцистерна жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кырсыктан улам отун төгүлүп, жер тилкеси мунайзаттары менен булганган. Дизельдин бир бөлүгү Кара-Балта дарыясына түшүп, суу объектисинин булганышына алып келген. Жооптуу юридикалык тарап аныкталды. Экологиялык мониторинг департаменти булганган

Ишкер Media