Чек арадан өтүү жеңилдейби? Кыргызстан менен Беларусь жаңы чечимдерди карады

Чек арадан өтүү жеңилдейби? Кыргызстан менен Беларусь жаңы чечимдерди карады

Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу баштаган делегация Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Сергей Дубина жетектеген өкүлдөр менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар транспорт тармагын санариптештирүү, автожол өткөрүү пункттарын өнүктүрүү жана мамлекеттик чек арадан өтүү процедураларын жөнөкөйлөтүү маселелерин талкуулашты.

Айрыкча чек арадан өтүү процессин ылдамдатууга багытталган электрондук системаларды киргизүү темасына өзгөчө көңүл бурулду. Беларусь тарап электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар (e-CMR) системасын киргизүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле e-Permit системасын ишке ашырууда жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, тараптар темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин, анын ичинде “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруу багытын да талкуулашты.

Жолугушуу транспорт тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталганы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин   штаб-квартирасына барды

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин штаб-квартирасына барды

1-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мамлекеттик корпорациянын жетекчилиги менен жолугуп, Ганада чакан көлөмдөгү алтын

Ишкер Media
Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинде кантты импорттоону чектөө жаатында талкуу болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, токтомдун долбоору азырынча даяр эмес, долбоор жеке ассоциациялар менен макулдашылат. Документ коомдук талкууга 2-октябрда чыгышы мүмкүндүгүн түшүндүрүштү министрликтен. Кантты алып келүү бул жылы 2025-

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Ганага болгон расмий визитинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-октябрда Гананын президенти Жон Драман Махама менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. ТИМдин башчысы Гананын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирди. Маалымдалгандай, Кулубаев Кыргызстан Африка континентинде Гананы ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн жана саясий диалогдорду

Ишкер Media
Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Министрлик билдиргендей, милицияга акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ЖЧКлардын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу кемчиликтер жоюлбагандыктан өчүрүлгөн. 22-сентябрда Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору ЖЧКнын

Ишкер Media