Жети-Өгүздө талапка жооп бербеген асфальт буздурулду

Жети-Өгүздө талапка жооп бербеген асфальт буздурулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айылынын тургундары тарабынан жол курулушунун сапатына байланыштуу видео кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Анын негизинде Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү Ак-Дөбө айылынын Сарт-Аке көчөсүндө капиталдык оңдоодон өтүп жаткан жолдо жүргүзүлдү. Долбоордун жалпы узундугу 2,2 чакырымды түзөт. Учурда анын 1 чакырым бөлүгүндө жолдун бир тарабына асфальт төшөлгөнү аныкталды.

Ошол эле учурда жолдун 200 метр бөлүгүндө асфальттын сапаты жана калыңдыгы долбоордук талаптарга жооп бербегени белгиленип, аталган участок буздурулду. Аныкталган кемчиликтер боюнча подрядчы уюмга тиешелүү чаралар көрүлүп, иштерди толугу менен долбоордук ченемдерге ылайык кайра аткаруу милдети жүктөлдү.

Учурда демонтаждалган бөлүк жана жүрүп жаткан курулуш иштеринин сапаты министрлик тарабынан катуу көзөмөлгө алынганы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин   штаб-квартирасына барды

Министр Жээнбек Кулубаев Гананын Алтын кеңешинин штаб-квартирасына барды

1-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Гана Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Аккра шаарындагы Гананын Алтын кеңешинин (GoldBod) штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мамлекеттик корпорациянын жетекчилиги менен жолугуп, Ганада чакан көлөмдөгү алтын

Ишкер Media
Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Кыргызстан кантты импорттоону кыскартышы мүмкүн

Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешинде кантты импорттоону чектөө жаатында талкуу болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, токтомдун долбоору азырынча даяр эмес, долбоор жеке ассоциациялар менен макулдашылат. Документ коомдук талкууга 2-октябрда чыгышы мүмкүндүгүн түшүндүрүштү министрликтен. Кантты алып келүү бул жылы 2025-

Ишкер Media
Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Гананын президенти менен жолукту

Ганага болгон расмий визитинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-октябрда Гананын президенти Жон Драман Махама менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. ТИМдин башчысы Гананын президентине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирди. Маалымдалгандай, Кулубаев Кыргызстан Африка континентинде Гананы ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн жана саясий диалогдорду

Ишкер Media
Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткенде 3 миң доллар пара талап кылган директор кармалды

Баткен облусунда пара талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Министрлик билдиргендей, милицияга акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Такталгандай, 15-сентябрда Кадамжай районундагы ЖЧКлардын биринин электр энергиясы жогорку чыңалуудагы линияга байланыштуу кемчиликтер жоюлбагандыктан өчүрүлгөн. 22-сентябрда Баткен облустук электр тармактар ишканасынын директору ЖЧКнын

Ишкер Media