Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкетеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги А.Сүйөркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши, ошондой эле Сүйөркулов көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн 100-150 метр аралыгы убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-апрелден 26-апрелге саат 9:00гө чейин жолду жабуу пландаштырылууда.
Бул жерде диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн алмаштыруу үчүн курулуш жана орнотуу иштери жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана маршруттарын алдын ала пландаштырууну суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сом болот

Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сом болот

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткендин тазалык жана көрктөндүрүү кызматына 5 атайын техника берилди

Баткен шаарында муниципалдык кызматтардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында атайын техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы техникалар Баткен облусун өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган. Алардын катарында эки экскаватор, фронталдык жүктөгүч, "Hyundai Porter" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

Бишкекте 1-сентябрь күнү кимдер эс алат?

1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү болуп белгиленди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул күнү кызматкерлердин орточо күндүк эмгек акысы сакталат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтому менен кабыл алынган. Ал эми жеке менчик

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Аксыда мыйзамсыз курулуп жаткан спорт залдын иши токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Аксы районунун Кербен шаарындагы Жерге-Тал айылында курулуп жаткан спорт залдан мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүдө курулуш-монтаждоо иштери объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп келгени аныкталды. Мыйзам бузуу фактысы боюнча "Кайрат Строй Кей Джи" ЖЧКсына акт